Куу-Майдан айылына жаңы мечит курулуп жатат.Мечит арабдар тарабынан (Табарак) атту фонддун жардамы менен курулууда.

Мечит узунан 24 метр, туурасынан 18 метр болуп 400 адамга ылайыкташтырылган.Арабдар бул мечитке 40000 доллар акча бөлүп берген.Мечитке арабдардан сырткары дагы көптөгөн демөөрчүүлөр колунан келген жардамдарды берүүдө.

Мечиттин көбүнчө жери эле ашар жолу менен бүтүп жатат.Усталардын тамак-аштары айылдын мойнунда болуп жатат.Мечиттин башталганына бир айдан ашты, буюрса ушул жылы бүтүп калат деген ишеничтебиз.

Куу-Майдан айылын тургундарынын көптөгөн аракеттери менен ушул мечит курулууда.Куруп жаткан мечит бул Куу-Майдан айылынын борбордук мечити болот,анткени бул мечит Куу-Майдан айлындагы мечиттерден чон курулууда.

Мечиттин көзөмөлүн өз мойнуна алган Уларбек Дүйшөбаевдин билдирүүсүндө «Биз ушул мечитти курдуруу үчүн эки,үч жылдан бери көптөгөн иш аракеттерди кылып долбоорлорду жаздык,долбоорубуз өтүп мына эми мечит курула баштады»-деп билдирди Уларбек Дүйшөбаев.

Айыл аксалдарынын айтымында»Биз ушул мечитти куруп жаткан арабдарга (Табарак)фондуна ыраазыбыз ,анандагы арабдар берген акчаны карап турбастан, өзүбүздагы колдон келген жардамды берип жатабыз мындан кийиндагы жардамды аябайбыз «-деди айыл аксакалдары.

Даярдаган:Хусейн Курсантбек уулу