“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан: Ноокат шаарында жаш балдар үчүн оюн аянтчасы ачылды

15 Август 2016 жыл 11:09
Көрүүлөрдүн саны: 140

DSC02476

Ноокат шаарында жаш балдар үчүн оюн аянтчасы ачылды. Оюн аянтча 2 айдан бери иштеп жатат.

DSC02413

Аянтчанын ичинде тенис, бассейн, батут, ашкана, дүкөн жана башка жайлар камтылган. Тенис бир саатына 60 сом, батут жарым саатына 40 сом, бассейн бир саатына 50 сом. Ашканада самса, пирожки, манты, катлет, жумуртка, чай, кофе жана башка тамак-аштар бар.

DSC02417
Жаңы ачылган оюн аянтчасына Ноокат районунун бүт айылдарынан келип эс алып кетишет. Эс алуучулардын саны арбын.

DSC02428

Исманова Бибисааданын айтымында «оюн аянтчасынын ачылганы бизге жакшы болду, каникулду бекер өткөрбөй бул жерге келип эс алып жатабыз»- дейт Бибисаада.

DSC02436

Каримберди кызы Алтынайдын айтуусунда «Бул аянтчанын баардык оюндары бар. Балдарыбызды алып келип күндө ойнотуп жатабыз, балдарыбызга да жакты»- дейт Алтынай.

DSC02440

Даярдаган: Кристина Кудайберди кызы

Сынакка