“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан: Нышанов мектебинде мугалимдер күнүнө карата концерт болуп өттү

4 Октябрь 2016 жыл 11:33
Көрүүлөрдүн саны: 145

20161004_105314

Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов мектебинде Мугалимдер күнүнө карата бүгүн 4-октябрь күнү концерт болуп өттү. Концертти «Ыр, бий» ийриминин катышуучулары коюп беришти.

20161004_105735

Бул концертте окуучулар  мугалимдерге арналган ырларын, макал-лакап, бий, көркөм окууларын айтып беришти. Мындан сырткары мугалимдерди тамашага салышып тамашоу, клип аткарышты.

20161004_111148

Концерттин соңунда мектеп дироктору Гүлзат Сапарбек кызы окуучуларга ийгилик каалап, жалпы мектеп жамаатын мугалимдер майрамы менен куттуктады.

20161004_113447

Мектеп мугалими Болдукыз Кудайбердиева быйыл жылдагыга караганда окуучулардын катышуусу жакшы болгонун айтат.

«Балдардын активный болгону, кыздардын тамашоуга катышканы мага өзгөчө жакты. Мындан да жакшы кылып, ырдаганда жандуу үн менен ырдашса жакшы болмок»-дейт.

20161004_110713

Мугалим Айгүл Шералиева күтүлбөгөн жерден эрте мененки окуучулардын гүлдөр менен тосуп алганы мугалимдерге дем -күч жакшы маанай тартуулаганын айтат.

«Мугалимдер күнүнө байланыштырып ийримдеги окуучулар мугалимдерге аябай сонун концерт коюп беришти. Бизге окуучулардын катышуусу, билими жакшы болсо эле ошол бизге майрам»-дейт Айгүл.

20161004_075505

Мектеп маданият министри Айдана Таалайбек кызы «Биз бул концертке төрт күн даярдандык. Бирок аз даярдангандан улам кичине шашылыш болуп калды. Мындан да жакшы кылсак болмок»-дейт Айдана.

20161004_075304

Окуучу Айчүрөк Куватали кызы «Биз жалпы кыздар, кыздар советин уюштуруп, атайын мугалимдер майрамына гүлдөрдү алып келип, белектерди бердик»-дейт Айчүрөк.

Даярдаган: Аймончок Курсантбек кызы.