Мамлекеттик жана коомдук ишмер Эргешов Абдыкаар Борубаевичтин элесине арналган Ноокат районунун жаштар арасында спорттун волейбол түрү боюнча Ноокат районунун Жапар Нышанов атындагы орто мектебиниин аянтчасында мелдеш өттү. Мелдештин жеңүүчүлөрү диплом жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.
Мелдешке 12 айыл өкмөттүн оюнчулары келишти. Алардын арасынан мыкты ойногон командалар татыктуу орундарды ээлешти. Команданын мүчөлөрү мектеп окуучулары эмес. Бир топ жашка чыгып калган оюнчулар.
1-орун Кара Таш (Калелин)
2-орун Кеңеш(Куу-Майдан, Кызыл-Аскер)
3-орун Зулпуев (Россия колхозу)
4-орун ОКМ(МЧС) командалары болушту.

Бул мелдешти жыл сайын уюштуруп берип тураарын уулу Эргешов Алмазбек Абдыкаарович өз сөзүндө белгилеп өттү.
Даярдаган: Тынымбу Абдиламит кызы.
Редактор: Дилнура Абдиламит кызы.
Сынак үчүн.