“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майданда жаш окуучулар арасында футбол мелдеши болуп өттү

11 Ноябрь 2016 жыл 12:11
Көрүүлөрдүн саны: 118

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында окуучулар арасында мелдеш болуп өттү. Мелдешке үч мектептин мыкты фудболчулары катышты.

20160916_104106

Мелдеш аябай кызыктуу болуп өттү. Албетте уруш талаштар да болуп жатты,ошого карабастан жаш окуучулар абай кызык оюн куруп беришти. Мелдешке Арбын  Ак Чабуу Нышанов мектебинин тандалган окуучулары катышты.

20160916_104441

Мелдешке 6-7-8-класстын окуучулары катышты.Мелдеш Нышанов мектебинде өттү.Жыйынтыгында:1-орун Нышанов орто мектеби,2-орун Арбын орто мектеби 3-орун Ак Чабуу орто мектеби болду.

20160916_104953

Жеңүүчүлөргө спонсор болбой калгандыктан жакшыраак сыйлык болгон жок. Жеңүүчү команда районго жолдомо алды.

20160916_120306-2

Оюнчу  Элмирбек Улукбек уулунун айтымында»Оюн аябай кызыктуу өттү, мындан кийин да ушундай оюндарды өткөзүп турса окуучуларга аябай жакшы болмок,»- деп билдирди Элмирбек Улукбек уулу.

20160916_125644

Даярдаган Курсантбек уулу Азирет

Сынакка   К Х