
Ноокат районунун Арбын айылындагы Арбын орто мектебинде бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы иш-чара болуп өттү. Ага 10-11-класстын окуучулары катышышты.

Негизи СПИДке каршы иш-чаралар жыл сайын өткөрүлүп келет. Бул иш-чарада окуучулар ар кандай өздөрүнүн даярдаган инценировка, ыр, бий, ар кандай чыгармачылыктарын көрсөтүштү.

Иш-чаранын башталышында мугалимдер окуучуларга СПИД жөнүндө кенен маалымат берип өтүштү.

Арбын орто мектебинин соцпедагогу Жумабек Кадыров окуучулар СПИД жөнүндө, жугуу жолдорун жана жукпас жолдорун билип алышкандыгын айтат.
«окуучулардын даярдыгы абдан мыкты деңгээлде болуптур. СПИД бул айыкпас дарт, мындан этият бололу деп окуучуларга да түшүндүрүү иштери болуп жатат»-дейт.

Мектеп окуучусу Айпери Таева » СПИД жөнүндө көп нерсе билип алдык. Окуп гана эмес аткарып да беришти»- дейт.
Айнура Токтомаматованын айтымында «СПИд бул айыкпас дарт. СПИДдин алдын алса болот. Окуучулар аз да болсо маалымат алышты жана чогуу күрөшөбүз деп сөз беришти»- дейт Айнура.
Даярдаган: Зарина Нурдинали кызы
Сынакка
Редактор: Дилнура Абдиламит кызы