
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы №5376 шайлоо участогу айылдык кеңешке дептутат шайлоого даяр. Участоко урналар алып келинип коюлду.
Буга чейин шайлоо участкаларынын операторлору атайын окуудан өтүп келишкен.

№5376 Куу-Майдан шайлоо участогунун башкы оператору Барчынай Кудайбердиева техникалык жактан көйгөйлөр жок экенин, эки жолу окуудан өтүп, экзамендерди тапшырып келгендигин айтат.
«Шайлоого даярдыктар жакшы, тизмелер такталып, кабарлоо баракчалары таркатылды»- дейт.

Депутаттыка талапкер Зиягүл Козу кызы депутаттыкка койгонунун себеби элге кызмат кылуу, элдин көйгөйүн чечүү, мыйзам чегинде иш алып баруу экенин айтат.
«Эгер депутат болуп калсам эл менен маселени чечип, кайсыл жерде кандай көйгөй бар экендигин аныктап, ошол боюнча иш алып барам»-дейт.

Депутаттыка талапкер Асан Эрматов 4 жылдан бери депутат болуп, жакшы иштерди аткарып, долбоорлорду утуп келгендигин жана дагы иштей беришин айтты.
«Кеңеш айыл өкмөтүнүн ички каналдары өтө начар абалда, долбоорлорду жазып, тендерлерге катышып, ички каналдарды оңдойм деген ойдо жүрөм»-дейт.

Шайлоочу Сайна Исраилова «жаңы шайланган депутаттар таза суу маселесин чечип беришин каалайм»-дейт Сайна.
Даярдаган: Тахмина Абдикерим кызы, Салтанат Зарипжан кызы
Сынакка
Редактор: Хусейин Курсантбек уулу