
Ноокат районунун Арбын айылынын көчөлөрүндө жарыктын жоктугу көйгөйлүү маселе экенин, айрыкча кыш мезгилинде көчөгө чыгуу абдан кооптуу экенин айтышат айыл тургундары. Биз бул тууралуу айыл башчысы Асан Кадыров менен маек курдук.

Саламатсызбы! Эмнеге көчөлөрдө жарык жок?
— Буга чейин ойлонулбаптыр. Эми карап чыгабыз.
Көчөлөргө жарык коюуга пландар барбы?
— Ооба. Быйылкы бюджеттен15 миң акча бөлүнүп, Калиева Алма көчөсүнө толук жарыктандыруу болот. Сталбаларга жол чырактары коюлат.
Эгер көчөдө чуңкур болсо, бирөө кечинде баратып түшүп кетип зыян тартса ага ким жооп берет?
— Көчөлөрдүн баары түз асфальт. Түшүп кетишин билбейм. Ага жооп бере албайм.
Эми көчөгө жарыктар качан коюлат?
— Бюджетте акча жетишсиз. Себеби биздин айыл өкмөт датсациядагы айыл өкмөт толук кандуу жарыктандырууга күчү жетпейт болгону 15 миң акча бөлүнгөн ошонун жетишинче жасайбыз. Мүмкүнчүлүк ушуга гана ылайыктуу
Эгерде көчөгө жарык орнотуу планда болсо канча убакытта орнотулуп бүтөт?
— Орнотулуп бүтүшү 10 күнгө жетпей бүтөт.
Маегиңиз үчүн чоң рахмат.
Даярдаган: Зарина Нурдинали кызы
Редактор: Дилнура Абдиламит кызы
Сынакка