“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан: Арбында жергиликтүү кеңешке депутаттар шайланды

13 Декабрь 2016 жыл 14:51
Көрүүлөрдүн саны: 107

img-20161213-wa0002

Ноокат районунун Арбын айылында жергиликтүү кеңешке депутаттард шайланды. Шайлоодо эч кандай мыйзам бузуулар болбоду.

img-20161211-wa0011

Шайлоо 11-декабрда болуп өткөн. Шайлоого 13 талапкерлигин коюп, алардан 6 талапкер депутат болуп шайланды. Алар: Айгүл Мамажунусова 437 добуш, Турсунай Кадырова 397 добуш, Жаныбек Алибаев 389 добуш, Садирбек Ажибаев 344 добуш, Нурланбек Анарбаев 338 добуш, Эрмамат Осмоналиев 328 добуш.

img-20161213-wa0010

№5377 шайлоо участогунда шайлоочулардын саны 2018. Шайлоо күнү саат 13:00го чейин 244 шайлоочу добуш берген. Кечке чейин жалпы 761 шайлоочу добуш берип, жарактуу бюллетендердин саны 740, жараксыз бюллетендердин саны 21 болду.

img-20161213-wa0001

Байкоочу Жоодарбек Анарбаевдин айтымында «бугунку шайлоо ото жакшы болду. эл тынч болду эч кандай койгойлор болгон жок»- дейт.

img-20161213-wa0009

Талапкер Турсунай Кадырова шайлоо ойдогудай, туура, калыс мыйзам чегинде болгонун айтат.

«Депутат болсоң элдин кызматын кыласың, өзүң ойлоп ишке ашыра албай жүргөн ойлорду депутат болуу аркылуу ишке ашырса болот»-дейт Кадырова.

Даярдаган: Зарина Нурдинали кызы

Редактор: Дилнура Абдиламит кызы

Сынакка