“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан: Арбында суу маселеси курч

20 Декабрь 2016 жыл 11:05
Көрүүлөрдүн саны: 119

img-20161203-wa0000

Ноокат районунун Арбын айылында суу маселеси курч. Айыл тургундары таза суу илгертен эле чыкпасын, сууларды арыктардан алышаарын айтышат.

Арыктан аккан сууну мал жандыктар да адамдар да ичишет. Суу чыгуучу чоргоктор курулган бирок алардан суулар чыкпайт.

img-20161202-wa0017

Айыл тургундары кыш мезгилинде арыктар муз болуп тоңуп калгандыгына байланыштуу, коңшу айылдагы дарыядан суу ташып ичишет.

Айыл тургуну Айзирек Ахматали кызынын айтымында «сууну эрте менен туруп арыктан ташып ичебиз. Себеби, кечке чейин ылайка болуп кетиши мүмкүн»- дейт.

img-20161211-wa0007

Айыл тургуну Саламат Аширбекова «кранттар курулган бирок алар курулгандан бери иштебейт. Ошондуктан арыктардан суу ичебиз. Айыл башчы, айыл өкмөткө кайрылганбыз бир нече жолу. Чыгарып беребиз деп жатышат. Бирок жыйынтык жок»-деди Саламат.

img-20161202-wa0024

Үмүт Эргешова «жаман нерселер бар ошондой болсо да айла жок иче беребиз. Биз көп жылдардан бери эле арыктан суу ичебиз. Арыктарга памперстерди, өлгөн койлордун терилерин жана башка жаман нерселерди таштап коюшат»-дейт.

img-20161202-wa0018

Айыл башчы Асан Кадыров аракет кылып жатканын жана азыркы күндө айылдын 70%ына суу жетип калгандыгын айтат.

«Быйыл 30 миң акча бөлүндү айылдын баш жагын гана таза суу менен камсыз кылдык. Кийинки жылдан дагы көбүрөөк акча бөлдүрүп, баардык айылды таза суу менен камсыз кылганга аракет кылабыз»- дейт.

Даярдаган: Зарина Нурдинали кызы

Редактор: Дилнура Абдиламит кызы

Сынакка