“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдандык ишкер өгүздү кандай максатта багат

21 Декабрь 2016 жыл 20:08
Көрүүлөрдүн саны: 163

20161218_141033

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Сейдали Өмүрзаков мал-чарбачылыгы менен алектенет.Бул иш менен алектенгенине бир жылдын жүзү болду.

20161218_141351

Чарбакер малдын асыл сапаттарын абдан жакшы билет.Азыркы убакта мал чарбасын баштады.Биздин каарман 2 жаштан 3 жашка чейинки өгүздөрдү сатып алып, 2 ай ичи жакшы кылып багат. Анан өгүздү союп  өзүнүн эт саткан дүкөнүндө  элди эт менен камсыз кылат.

20161218_141728

Азыркы убакта Сейдали Өмүрзаков өгүздөрдүн сапатына жараша алат,жана ал өгүздөр арык болсо көбүрөөк багат, ал эми семиз болсо азырак багат.

20161218_145530

Эки жашар өгүздөн орто эсеп менен 200 килограмм эт чыгат. Эттин баасын 260 сомдон сатат.Бир өгүз күнүнө эки маал  3 килограмдан жем берилет.Эттин сапаты жакшы адамдардан эч кандай арыздар жок.

20161218_172919

Чарбакер Сейдали Өмүрзаковдун айтымымында «мен малдарды сапатына жараша алып аны кеми менен 2 ай багып анан союп өзүмдүн эт саткан дүкөнүмдө сатам.Мен күн бою иште болгондуктан малдарды балдарым карайт »

Чарбакердин уулу Исламдын айтымында «Биз малдарды өзүбүз карайбыз, күндө кеч сурап турат » деп билдирди Ислам.

20161218_172931

Кардар Султанова Кереметтин айтымында «Биз бул адамдын эттерине эч кандай нааразачылыгыбыз жок себеби малдарды аябай сонун кылып тартып берет, жана жаш  малдардын этин берет » деп билдирди Султанова Керемет.

Даярдаган:Курсантбек уулу Азирет

Редактор:Курсантбек уулу Хусейн

сынакка