
Ноокат шаарынын маданият үйүндө семинар болуп өттү. Семинарда жаңы жылды болтурбоо тууралуу сөздөр болду.
Семинардын эң негизги максатсаты жаңы жылда ашыкча чыгымдарды токтотуу, ата-энени кыйнабай бал көйнөктөрдү албоо.Жаңы жылды токтотуу үчүн болгон семинарга 200дөн ашык окуучулар катышышты.
Семинарды Ноокат районунун акими Бекболот Айтиев жана Шүгүрбек Иса уулу уюштурган. Семинарда ата-энени сыйлоо, мугалимге урмат көрсөтүү жана адеп-ахлак жөнүндө айтылды.

Семинарды алып барган Идирис Айтбаев англис, түрк, өзбек, немец, орус жана кыргыз тилдеринде эркин сүйлөп окуучуларды да тил үйрөнүүгө чакырды.
Уюштуруучу Шүгүрбек Иса уулунун айтымында «семинарды, жаңы жылда ашыкча чыгымды токтотуу жана ата-энени кыйнабоо максатта уюштурдук»-дейт Шүгүрбек.
Катышуучу Нурзинат Бекташова «семинар абдан сонун өттү. Себеби, адептүүлүкө, ыйманга, достукка, билимге чакырды. Мындай семинарлар көп болсо, окуучулардын адамгерчилиги, адептүүлүгү күчөмөк»-дейт.

Катышуучу Нуржан Бекташова Идирис Айтбаевдин түрк, англис жана башка 5 тилде эркин сүйлөгөнү жакканын жана ошондой даражага жеткиси келгенин айтты.
«Идирис агайдын «Семинардын таасирдүү болгонун сөз менен айтпастан, кыймыл-аракетиң менен көрсөт» деген сөзүн далилдөөгө аракет кылуудамын»-дейт Нуржан.
Даярдаган: Айнагул Салимбек кызы
Редактор: Хусейин Курсантбек уулу
Сынакка