“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Арбын айылынын тургуну Буажар Адыгенеевага эч кандай жардам көрсөтүлө элек

8 Январь 2017 жыл 13:47
Көрүүлөрдүн саны: 107

20170105_162008

Ноокат районунун Арбын айылынын тургуну Буажар Адыгенеевага эч кандай жардам көрсөтүлө элек. Азыркы учурда Буажар Адыгенееванын үйү кооптуу абалда турат.

20170105_161350

Буажар Адыгенееванын 2 уул эки кызы бар. Күйөөсү 7 жыл мурун каза болгон.

Иштейин десе айылда жумуш жоктугун, башка жака барып иштеп келгенге балдарынын кичинелигине байланыштуу таштап кете албастыгын айтат.

«Жеген ичкенибизге продукталарды макрон, ундарды берип жатышат бирок үй жагынан жардам бериле элек»-деп билдирди Адыгенеева.

20170105_161623Айыл башчы Асан Кадыров кабар алып тураарын жанаөкмөт тарабынан үй салынаарын, үйү бүткөнгө чейин башка жака жылдырып тураарын айтты.

«Жардам берип турабыз, үй салып беребиз. Колунда бар адамдар материалдык жактан жардам беришет. Усталар болсо бекер бүтүрүп беребиз дешти. Айыл өкмөт акча бөлүп берет канча бөлөөрү депутаттарга байланыштуу»-деп билдирди.

Буга Буажар Адыгенеева «Айыл өкмөтүнө кайрылганбыз алар МЧС м.н келип көрүп таш төгүп кеткен 2016-жылы ошодон бери турат эч нерсе болбой. Мага кыш мезгилинде жылдырып турабыз деп эч ким келген жок. Айыл өкмөт да, айыл башчы да кабар албайт. Айыл башчы МЧС менен кошулуп бир жолу келген андан бери келбеди»-деди Буажар.

20170105_161425Айыл тургуну Саламат Аширбекова «Эл тарабынан акчалай, тамак-аш тарабынан   жардамдарберилиптурат»-дейт.    20170105_161545 Арбын айылынын депутаты Турсунай Кадырованын айтымында «Буажар Адыгенееванын үйү боюнча бюджет карала элек. 2016-жыл бүттү эми 2017-жылда марттан баштап бюджет каралат. Февралда изилденет, долбоорлор жазылат анан мартка барып сессияда бөлүнөт»- деп билдирди Турсунай Кадырова.