“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Кеңеш айыл өкмөтүндө улак болуп өттү

9 Январь 2017 жыл 9:31
Көрүүлөрдүн саны: 151

20170105_163548

Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө улак болуп өттү. Ага Ак-Булак,Арбын1,Арбын2,Кыргыз-Ата, Исанов, Кеңеш, Шанкол, Как, Кара-Кой жалпы 9 команда катышты.Бул командалар кезек-кезеги менен улак уюштуруп келишет. Мунусунда Арбын1 командасы уюштурган.

20170105_160712Бул улакты уюштуруунун эң негизги максаты улакчылардын Көк- Бөрүнү дагы да жакшы ойноосу.

Жыйынтыгында Арбын 1, Как, Кыргыз-Ата, Шаңкол командалары финалга чыгып, Арбын1 1-орун, Как 2-орун, Кыргыз-Ата 3-орун, Шаңкол 4-орун болду.Орунга жетишкен командаларга сыйлыктар,медаль, мактоо баракчалары берилди.1-орунга тай, 2-орунга кой,акча, 3-орунга эчки,акча, 4-орунга эчки берилди.

20170105_145507

Арбын1 командасынын капитаны Бакыт Алибаевдин айтымында»Тартип бузуулар болбогон жок,балдар да тартип бузбай,жакшы ойношту,мындан кийин да ушундай ойношсо Ноокат улак боюнча өнүгөт.

Арбын командасын2 жылдан бери жетектеп,командадагы оюнчуларды уюштуруп,тайгазан куруп  машыктырып келем. 2 жылдын ичинде жакшы эле ийгиликтерге жетиштик, Ноокат районунда болуп өткөн улактарда балдар көбүнчө1-орунду ээлешет, ноорузда Ошко барганбыз,  кудай буйруса быйыл да барабыз»-деди Бакыт Алибаев.

20170105_163546

Как командасынын оюнчусу Абдырахман Мыктарбек уулу «Как командасы башта жок болчу, 2 оюндан  бери ойноп орундарга жетиштик мындан мурун Ак-Булакта болгон оюнда  3-орунду ээледик, бүгүнкү оюнда 2-орун болдук.Бизди эч ким жетекдебейт,биз кырлардын ортосунда  жашайбыз, өзүбүз эле уюшуп ойноп келебиз. Бул оюн жакшы экен мындан ары да калтырбай ойнойбуз кудай буйруса»-деди Абдырахман.

20170105_160731Арбын командасыны чабуулчусу Дайырбек Нурдинали уулу»Мен бул Арбын1 командсында2 жылдан бери ойноп келем. Биз өтө жакшы ийгиликтерге жетиштик десем болот анткени башта болуп өткөн оюндарда да 1-оорундарды алганбыз.Биз уткан ийгиликтерибизге жыл сайын жайындасы командабыз менен биргеликте эс алууга барабыз

.Бүгүнкү оюнда Как командасы кыйынчылыкты жаратты себеби чабылып жаткан улак ылай болуп,оор болгондугуна байланыштуу көтөрө алган жокпуз. Как командасын 2-1 эсебинде булитте жеңдик»-деп айтты Дайыр Нурдинали уулу.

Даярдаган:Зарина Нурдинали кызы

Редактор:Дильнура Абдиламить кызы