
Ноокат районунуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Адылжан Полотов өз колу менен тегирмен жасады. Азыркы учурда жасаган тегирмени менен элге жардам берүүдө.

Адылжан Полотовдун тегирменди жасаганынын эң негизги максаты элдин көйгөйүн чечүү, элге жардам берүү. Башка тегирмендерге караганда өзгөчөлүгү биринчи жерден экинчи жерге жылат. Колдонгонго ыңгайлуу.

Адылжан Полотов тегирменди жасаганга бир жума убакыт кеткенин жана эч кандай акча кетпегенин айтты.
«Эч кандай акча кеткен жок. Баарын уйдөгү иштелбеген буюмдардан алып жасадым. Дагы чөп кырккыч жасагам, азыркы учурда саматок жасап жатам»-деди.

Тегирменде буудай, арпа, жүгөрүлөр тартылат. Саатына 100 кг тартат жана 1 кг арпа же буудайларды 1 сомго тартып берет.

Кардары Акимжан Полотовдун айтымында «менин кулпунумду толтуруп жем тартып берүүдө. Мен дагы ушундай нерселерди жасаса деп ойлойм»-деди.

Мубара Кадырованын айтымында «эч кандай нааразычылыгым жок. Биздин жемди тез эле тартып берүүдө. Тартылган жемди малдарга, койлорго берип жатабыз»-деди Мубара Кадырова.
Даярдаган: Кундуз Адылжан кызы
Редактору: Хусейин Курсантбек уулу