“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майданда валейбол залы ачылды

13 Январь 2017 жыл 18:02
Көрүүлөрдүн саны: 162

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында валейбол залы ачылды.Мунун ордунда мурун жаштарды бокс жана күрөшкө үйрөтүүчү спорт зал болгон.

20170112_145714

Бул спорт залга долбоор жазылып ошону менен бирге Жогорку Кеңеш депутаты Алтынбек Сулайманов жардам берип бүткөн зал. Биринчи бул зал бокс жана күрөш залы болуп ачылган.

20170112_145824

Бокс жана күрөш залы болуп ачылганда, жаштар көп деле келбегенине байланыштуу зал жабылып калган. Кийинчирээк бул залды  валейбол залы кылып ачышты.

20170112_145831

Валейбол залынын ээси Занаш Молдожанов «Мурда бул өзү гараж болгон, анан деканструкцялап долбоор жазылган. Долбоордон кийин «Жаш күч» кылып Алтынбек Сулайманов жардам берип бүтүрүлгөн»-дейт.

Окуучу Ибрахим Ниязбек уулунун айтымында «бул воллейбол залдын ачылганы жакшы болду. Себеби, биз мектептин залында жакшы деле ойной алчу эмеспиз.Бул залда каалаганча ойноп жатабыз»-деп билдирди.

Даярдаган: Коңурбаева Тинатин                                                                           Редактор: Хусейн Курсантбек уулу

Сынакка