
Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын тургуну Шарабидин Кадырбердиев 36 жылдан бери чөптөрдөн даары жасап келет. Ал даары жасоо менен пенсияга чыккандан кийин алек болуп баштаган.

Шарабидин Кадырбердиев 1962-жылы Кызыл-Кыядагы медициналык окуу жайын бүткөн. Ал эми Кыргыз мамлекеттик университетинин география факультетин сырттан окуп бүткөн. Ал азыркы күндө адамдарга көптөгөн пайдалуу даарыларды жасап келет.
Каарманыбыз даарыларын кээ бир акчасы жокторго бекер деле бере берээрин айтат.
«Сатканын сатам, сатпаганын сатпайм. Акчасы жокторго болсо, бекерге эле берем»-дейт.

Чөптөн жасаган даарылары антисептик, ашказан, өт, боор, ич өткөк жана башка ооруларга жардам берет.
Даары жасаш үчүн бака жалбырак, кырк муун, мала какым, койчуман баштык, шыбак, күрөң шыбак жана башка ушундай сыктуу даары чөптөр кетет. Даары чөптөрдөн тышкары дагы суу, спирт, май, йод, уксус, медициналык даарылар колдонулат.

Куу-Майдан айылынын тургуну Амирбек Көргөнбаев “мага ит мурунду ар түрдүү чөптөр менен аралаштырып даары жасап берген. Ал даары менин бөйрөгүмдүн сакайышына жардам берди. Ошондой эле айылдагы башы, ичи ооругандар чөп даары ичип айыгып жатышат”-деп билдирди.
Даярдаган: Айгерим Медербек кызы
Редактору: Хусейн Курсантбек уулу