“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде 5 мектеп аралык волейбол болуп өттү

20 Январь 2017 жыл 13:21
Көрүүлөрдүн саны: 273

 

20170119_113150

 

Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Ж Нышанов атындагы орто мектебинде мектептер аралык волейбол сынагы  болуп өттү. Ал сынакка Кенеш айыл өкмөтүнөн 5 мектеп катышты.

Жыйынтыгында 1-орунду Нышанов мектеби, 2- орунду Ак-Чабуу, 3-орунду Шаңкол 4-Дары-Суу,  5-орунду Арбын орто мектептери ээлешти.  Жеңген командаларга сыйлыктар ыйгарылды. Сыйлыктарды Кеңеш айыл өкмөтү камсыздады.

20170119_113927

 

Нышанов командасынын капитаны Эрмек Маматибраим уулунун айтуусунда «Бул оюн өтө кызыктуу өттү, албетте ар бир оюнда кыйынчылык болбой койбойт, бирок ошол кыйынчылыкты жеңип чыктык»-деди

20170119_114307

 

Көрүүчү Нурманбет Арун уулу «Бул оюн өтө кызыктуу өттү негизинен бул оюнда Жапар Нышановдун балдары кыйын эле , мен Нышановдун балдарын колдодум»

 

Көрүүчү Кубан  Нурланбек уулу  » Топ эң кызыктуу болду , бул оюнда мен Арбын орто мектебин колдодум»

20170119_121235

Көруучү Эрболсун Баратали уулу »  Оюн мен ойлогондон да жакшы өттү,бул оюн адилеттүү болду»- дейт.

 

Кенеш айыл өкмөтүнүн   спорт боюнча башкы адиси Жеңишбек Исаевдин айтымында  «Бул оюнду уюштуруу максаты спортту чындоо ,чыр-чатакты алдын алуу»- деп билдирди.

Редактор:Курсантбек уулу Хусейин

Даярдаган:Тахмина Абдикерим кызы