“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майданда таза суу чыкты

23 Январь 2017 жыл 13:08
Көрүүлөрдүн саны: 131

20170114_110333

Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Мамат-Ата көчөсүнө таза суу чыкты. Ага жергиликтүү тургундар абдан ыраазы.

Суу үчүн атайын долбоор жазылып долбоор аркылуу суу чыкты. Аталган долбоорду Куу-Майдан айылынын тургуну Ахад Сарымсаков жазган.

20170114_111306

Сууну чыгаруу үчүн элден 23 миң акча топтолуп, 400 метрге шылаңгы алынып 4 жерге суу чыкты.

Суу 2 күндө бир чыгып, 3 саат чыгат. Элдер суу үчүн айына 50 сомдон төлөшөт.

Айыл тургуну Ахад Сарымсаковдун айтымында «Долбоор жазып, элден акча топтоп суу чыгардык. Элдин көз карашы жакшы»- деп билдирди.

20170123_112934

Айыл тургуну Жигитали Абдикеримов «Суу чыкканы жакшы болду. Мурда сууну кудуктардан алат элек»- деди.

Айыл тургуну Назгүл Абдразакова «Сууга 1500 сомдон акча топтодук. Суу бизге жетиштүү»-деп билдирди.

20170123_113756

Ахматали Абдикеримов «Бул суу таза 100 метр казылып алынган. Мурда 2-3 метр казылган качалка, кудуктардан ичет элек»-дейт.

Даярдаган: Атиргүл Жигитали кызы

Редактору: Хусейн Курсантбек уулу