“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Жаш ишкерлер Канат, Канимет Мурзашевдер

23 Январь 2017 жыл 14:54
Көрүүлөрдүн саны: 109

20170122_035034

Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын тургундары Канат, Канимет Мурзашевдер печка, паравой отопления, душовой кабина, электро монтаж жана башка ар кандай нерселерди жасашат. Мындай нерселерди жасоону алар башкалардын жасаганын көрүп үйрөнүшкөн.

20170122_035414

Ар кандай буюмдар ар кандай баада. Отопления катюлдорду 12 миңден баштап, 18 миңге чейин, душ кабиналарды 3-4 миңге жасашат.

 

Канат Мурзашев ОшТУну авто-унаа факультетин бүттү. Канимет Мурзашев болсо ОшТУнун энергетика факультетинде 3-курста окуйт.

20170123_111938

Буга чейин Канимет Мурзашев 9-классында робот ХХI кылым интелекктулдар сынагына катышып область боюнча биринчи орунду алган. Канат Мурзашев  10-классында  “Дистанционный экскватор”  сынагында экскватор жасап республикадан 2-орунду алган.

20170123_110441

Бир туугандар өздөрүнүн кесибине жараша да экскватор, гес, робот, жер титирөөнүн алдын алуучу аппарат жана башка нерселерди да жасап келишет.

20170123_113021

Канат Мурзашевдин айтымында “Шаарларга, домдорго отопления жасайбыз, азыр кышында бекерчиликте печка жасап жатабыз”- дейт.

20170123_111227

Канимет Мурзашев “Буларды элдердин жасагандарынан көрүп, өзүм да жасап көрүп эле үйрөнгөнмүн”-деп билдирди.

20170122_044615

Кардары Карамат Султанова “Биздин эшикти жасап беришти. Абдан сонун жасашкан мен ойлобогондой жасашты. Дагы эшикте жасата турган көп нерселер бар ошолорду да жасатам”-деп билдирди.

20170123_111706

Кардары Сүйүнбек Абдыразаков “Мен мындай печканы эч кимден көргөн да эмесмин ушундай жасагыла деп да айтпадым. Бирок, менин көңүлүмдөгүдөн да жакшыраак кылып жасашкан”-дейт Сүйүнбек.

Кардары Тажи Муратованын айтымында “Кемчиликтери жок. Баары жакшы ушунчалык болот”-дейт.

Даярдаган:Каныбек кызы Шахира

Редактору:Хусейин Курсантбек уулу