“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан: Мектепке айыл имамдары келип «Ыйман,адеп,маданият» жылына карата чогулуш өткөрүштү

24 Январь 2017 жыл 14:39
Көрүүлөрдүн саны: 71

20170123_115509

Ноокат районунун Куу-Майдан  айылынын Ж.Нышанов атындагы орто мектебине айыл имамдары келип «Ыйман, адеп, маданият» жылына карата чогулуш өткөрүштү. Бул чогулушка 5-класстан 11-класска чейинки  окуучулар катышты.

20170123_115959

 

Чогулушта имамдар ыймандуу болууга, ата-эненин, мугалимдердин айтканын аткарууга, тартиптүү жүрүүгө чакырды. Азыркы мезгилде балдардын суицидке көп барып жаткандыгынан улам, өзүн-өзү өлтүрүү боюнча да кеңири сөз болду.

20170123_121120

 

Куу-Майдан айылынын имамы Зухридин Далы уулу «Биз айткан баардык накыл сөздөр окуучулардын аң сезимине жетти деп ойлойм»-деди.

20170123_121354

Ж.Нышанов атындагы орто мектебинин  окуучусу»Имамдардын айткан сөздөрү,насааттары биз үчүн түшүнүктүү жана маанилүү болду.Ушул насааттар аркылуу  мен көп нерселерди билип алдым «-дейт Аймончок Кожонова.

 

Даярдаган:Эльвира Садирали кызы

Редактор:Хусейин Курсантбек уулу