
Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын тургуну Сулайман Эминов ат жабдыктарын жасайт .Ал бул иш менен алектенип баштаганына 2-3 жыл болду.
Сулайман Эминов атка керектелүүчү така,ээр,араба,үзөнгү жана башка араба да жасайт. Арабаны 4-5 миң сомдон,такалар,үзөнгүлөрдү 1000 сомдон сатат.

Сулайман Эминов ат жабдыктарын кардарлар каалагандай формада жасап берет.Көбүнчө заказ аркылуу жасайт.Кээ бирлерин базарга алып барып сатат. Ал көргөн нерсесин эле жасай беришин жана эч жерден үйрөбөгөндүгүн айтты.

Сулайман Эминов» Жасаганга кетчү буюмдардын көбү үйдөн чыгат.Кээ бир темирлерди гана сатып алам. Бул иш мага жагат»-деди.
Кардары Апиза Эргешованы айтымында «Мага Сулаймандын жасаган буюмдары аябай жакты. Ал ото бышык жакшы жасайт экен. Акчасы деле кымбат эмес»-деп айтты.
Даярдаган: Тинатин Коңурбаева
Редактор: Хусейин Курсантбек уулу