
Нокат районунун Куу-Майдан айылындагы Ж.Нышанов орто мектебинде мугалимдер арасында «Мыкты мугалим»сынагы болуп өттү.Бул сынакка11 жаш мугалимдер катышты.

Чечүүчү турда 3 мугалим алдыга озуп чыкты.Жыйынтыгында 1-орунду музыка мугалими Гүлзат Алимбаева алды.2-орунда Айнагүл Боронбаева болду.3-орунга Гүлмайрам Токурова илешти.

Көрүүчү Айгүл Шералиева»Мугалимдердин чыгармачылыгы жакшы, даярдыктары да өтө сонун жана сынак кызыктуу өттү.»-деп билдирди.

Калыстардын тобунда олтурган мугалим»Мугалимдер даярдыгы жакшы.Мыктысы алдыга озуп чыгат деп ойлодум эле ошондой болду деп ойлойм.» дейт Айчурок Абдразакова.
Мубара Кадырова»Азыр мугалимдердин даярдануусу жакшы, эми зонага катышып,биринчиликти алуусун каалайбыз.»-деп билдирди.
Даярдаган:Эльвира Садирали кызы
Редактор:Хусейин Курсантбек уулу.