“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан:Ж.Нышанов орто мектебинде Жаштар арасында концерт болуп өттү

29 Январь 2017 жыл 21:59
Көрүүлөрдүн саны: 140

20170128_114313

 

Ноокат  районунун Куу-Майдан айылындагы Ж.Нышанов орто мектебинде жаштар арасында «Ата-энеме аттуу концерттин бет ачаары болду.Ал концертти ушул мектепте окуп кеткен,азыркы учурда Ош Мамлекеттик Университетте окуп жаткан жаш улан Элнур Абибилла уулу уюштурган.

20170128_122729

 

Бул концертте:Элнур Абибилла уулу,Нурмамбет Арун уулу,Азиретали Айдарали уулу,Даниэл Канатбек уулу,Муратбек Алтынбек уулу,Эрболсун Баратали уулу,Баян жана башкалар катышты.

Ушул концерттин алып баруучусу»Биз бул концертти окуучулардын өсүп өнүгүүсүнө жана максат коюусуна түрткү берүү максатында уюштурдук. Жаз алдында да келип тренинг өткөрүүнү пландаштырып жатабыз.»-деп билдирди Муратбек Алтынбек уулу.

20170128_131901

Көрүүчү Альбина Рахманалиева»Бул концерт жакшы деңгээлде өттү.Албетте кемчиликтер болбой койбойт,бирок ошого карабастан концерт жакшы деңгээлде өттү.

20170128_114313

Дагы бир катышуучу»Аракеттер көп эле болду.Концертти жакшы өткөрүүгө аракет кылдык»-деди Даниэл Канатбек уулу.

Көрүүчү Нурмира Садирали кызы»Мага концерт жакты,дагы ушундай концерттер көп болсо жакшы болмок.»-деп билдирди.

Азиретали Айдарали уулу»Койгон концертибиз мага жакты деп ойлойм.

Нурмамбет Арун уулу»Азыркы концерт менен эле чектелип калбай,дагы башка иш-чараларды уюштурууну пландаштырабыз. Концертте ырдаган балдарга чоң чоң ийгиликтерди каалайм»-деди.

Дярдаган:Эльвира Садирали кызы

Редактор: Хусейин Курсантбек уулу