“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан:Ж.Нышанов мектебине жумалыктар өткөрүлүүдө

7 Февраль 2017 жыл 20:31
Көрүүлөрдүн саны: 99

Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов мектебинде предметтер арасында жумалыкьтар жумалыктар өткөрүлүүдө.Бул жумалыктарга 5-класстан 11-класска чейин окучуулар катышууда.

IMG-20170207-WA0006

Бул жума кыргыз тили жана адабияты жумалыгы болду.Ар кандай иш чаралар,класстар аралык таймаштар, дилбаян жазуу, ачык сабактар, кыз жигиттер арасында сармерден оюндары болду. Жуманын соңунда окуучуларга ардак грамоталар тапшырылды

.IMG-20170207-WA0009

7-класстын окуучусу Латипжан кызы Айгерим» бул жумада өзгөчө сонун иш чаралар болду, жылдагыдан өзгөчө иштер болду,ачык сааттарга мугалимдер да жакшы катышып беришти»-дейт.

IMG-20170207-WA0012

Кыргыз тили жана адабияты мугалими Байназарова Буажар » мындай предметтер арасында жумалыктар өткөрүлгөнү мага өзгөчө жакты.Көптөгөн иш чаралар болду»-деп билдирди.

IMG-20170207-WA0011

Даярдаган:Тинатин Тариэл кызы.

Редактор:Дилнура Абдиламит кызы.