“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан:Жапар Нышанов мектебинде сармерден болуп өттү

7 Февраль 2017 жыл 23:43
Көрүүлөрдүн саны: 150

Ноокат районунун Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде сармерден болуп өттү.Сармерденге 11- а жана б классынын окуучулары катышышты.

IMG-20170207-WA0008

Сармерден кыргыз тили жана адабияты жумалыгына арналган.Көрүүчүлөр да көп болду.Мектеп директору,организатор жана мугалимдерда катышышты.

IMG-20170207-WA0005

Программасы: Саламдашуу, хор, жеке номер,жаңылмач, табышмак,бий жана улуттук кыргыз оюндарын көрсөтүү.

IMG-20170207-WA0004

Сармерденди окуучулардын өздөрү эле алып барышты.Эрке баланын ролун ойногон Эрмек Маматибраим уулунун айтымында:»Оюнга негизи эле жакшы даярданганбыз.Жаңылмач , табышмактарды жаттап жакшы даярданганбыз»-дейт.

Англис тили мугалими Алиева Нурзада эжеке » эки класс тең , балдар да,кыздар да жакшы даярданышыптыр,кызыктуу болду,мага жакты»-дейт.

IMG-20170207-WA0007

Эрке кыз Дилнура Абдиламит кызы:»Биз деле жакшы аракет кылдык,даярдыктар жакшы эле болгон тилеке каршы жеңилип калдык»-дейт капаланып.

Балдар 49 балл менен 1-орун,кыздар 47 балл менен 2-орун болушту.

Көрүүчү Тагдыр кызы Фатима «Сармерден өтө кызык болду,ырлар,бийЛер өзгөчө жакты,ушундай иш чаралар мындан ары да көп болсо дейм»- дейт ал өз сөзүндө.

Даярдаган:Эльвира Садирали кызы.

Редактор:Дилнура Абдиламит кызы.