“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Арбын айылына жарык коюлду

19 Февраль 2017 жыл 8:55
Көрүүлөрдүн саны: 116

Ноокат районунун кеңеш айыл өкмөтүнүн Арбын айылынын   Калыева Алма эне көчөсүнө жарык коюлду. Бул көчөгө 1 күндүн ичинде 6 чырак орнотулду.

Чырактар айыл окмот тарабынан коюлду,2016-жылдын бюджетинен15миң акча сарпталды.Ушул эле көчөгө дагы 25чырак орнотулат.IMG-20170203-WA0008Айыл аксакалдары-«чырак коюлганы жакшы болду,6 чырак болсо да көчө жарык болуп турат.Башта көчө карангы болуп, куптанда мечитке адамдар аз келчү, азыр жарык коюлуп адамдар да көп келип калды.IMG-20170203-WA0007Арбын айылынын тургуну Элина Сулайманова-«жарык коюлганы жакшы болду,баняга барганда орчурет болгонуна байланыштуу көбүнчө карангыга калып кетебиз көчө карангы болуп коркчубуз.Азыр жарык  коюлуп, көчө жапжарык кечинде көчөдө жүргөндөн да коркпой калдык»-деди Элина.IMG-20170129-WA0000Даярдаган: Зарина Нурдинали кызы

Редактору: Дилнура Абдиламит кызы