“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Айбекте жаңы тигүү цехи ачылды

26 Март 2017 жыл 14:46
Көрүүлөрдүн саны: 130

Ноокат районунун Айбек айылында жаңы тигүү цех ачылды. Бул тигүү цехи 2016-жылдын ноябрь айында ачылган.

20170323_143114

Азыркы учурда бул тигүү цехи айыл башчынын үйүндө жайгашкан. Кийинчерээк атайы цех үчүн имарат курулганда ошол жака көчөт.

20170323_143124

Тигүү машиналарын 3 миллион сомго алып келишкен. Цехте 15-20 кыз келиндер иштешет. Алар кыздардын себин жана заневескаларды тигишет. Тапкан кирешеси өздөрүнүн иштегендерине жараша болот.

Цехте иштөөчү аялдар бул машиналардын келгени аябай жакшы болгонунун себеби үйүндө бекер отурбай бул машинаны иштетип бала-чаканы багып жаткандыгын айтышты.

20170323_143129

Эргешова Асия “Азырынча биз үйрөнчүк болуп иштеп атабыз, эми жакшы үйрөнүп алсак кийимдерди да тигип, өзүбүз да ушул жерден эле кийинебиз” – дейт.

Даярдаган:Тинатин Тариэл кызы

Редактор:Дилнура Абдиламит кызы