“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан: Айбекте мечит курулду

26 Март 2017 жыл 13:46
Көрүүлөрдүн саны: 88

Ноокат районунун Айбек айылында мечит курулду. Бул мечит элдердин демилгеси менен салынды.

Мечит ашар жолу менен курулду көбүнчө жаштар катышышты. Мечитти куруу үчүн арабдар да жардам беришкен. Элдер да колунан келишинче жардамын көрсөтүштү.

20170323_132401

Бул мечитти куруу үчүн миллиондон ашык акча кеткен. Мечит 2 жылда курулуп, пайдаланууга берилди. Азыр мечитке элдер келип намаз окуп кетишет. Балдар болсо сабак алганы келишет.

20170323_151257

Айыл тургуну Абдырахман мечиттин шарты абдан жакшы баардык талапка жооп берээрин айтты.

«Айыл тургундары баары ушул жерге келип намаз окуп калышты. Бул мечит элдердин баарына жакты»- дейт.

Даярдаган: Тинатин Коңурбаева

Редактор: Дилнура Абдиламит кызы