“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан: Жапар Нышанов орто мектебинин окуучулары Кызыл-Кыяда өкөн кик бокста алдыңкы орундарды багындырышты

27 Март 2017 жыл 18:37
Көрүүлөрдүн саны: 71

Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов атындагы орто мектебинин оуучулары кик бокс боюнча алдыңкы орунду багындырышууда. Кик бокс Кызыл-Кыяда болду.

IMG-20170221-WA0000

Кик боксчулар коңшу айыл Байыш айылында тренировка кылышат..Тренер Нурлан Абин уулунун кол астында.

Айылыбыздын спортчулары: Абубакир уулу Сыймык, Нургазы уулу Өмүрбек, Замир уулу Бекболсун,Токтосун уулу Курманбек.

Курманбек Токтосун уулу  Кызыл-Кыяда өткөн мелдешти 1-орунду багындырды. Ал «1-орунду багындырыш оңойго турган жок. Күчүмдүн болушунча аракет кылып жатып биринчиликти алдым «-дейт.

IMG-20170221-WA0001

Курманбек кик бокс боюнча 7 жылдан бери машыгат. 5 жашынан баштап катыша баштаган.Боксеа катышып калышына себепкер өзүнүн тренери жана агасы Нурлан Абин уулу себепкер болгон.Курманбек келечекте атактуу боксиор болсом дейт.

Курманбектин апасы Зуура Эшиеванын айтымында » мен уулумдун боксиор болушуна каршы эмесмин,өзүнө эле жакшы болот. Дагы бой жетип чоңойсо үйдө да даярданып машыгуусуна шарт түзүп беребиз»-дейт.

IMG-20170328-WA0003

Тренер Абин уулу Нурлан » мен бокс боюнча балдарды 1997-жылдан бери машыктырып келем, 20 жыл болуп калды.  Бул кесип менен сыймыктанам. Кыргызстандын желегин көтөрүп , башка өлкөгө чыгуу алдыңкеы пландарымдын бири «-дейт.

Сыймык Абубакир уулу «мен Кызыл-Кыяда өткөн мелдеште 3-орун болдум. 3-орун болгонума кубанычтамын»-дейт.

Замир уулу Бекболсун » кик бокс боюнча машыгып калганыма атам жана досум себепкер болгон. Катышканыма аз эле убакыт болгонуна карабастан 2-орунду алдым»-дейт.

Нургазы уулу Өмүрбек » Кызыл-Кыяда өткөн мелдеште  3-орунду багындырган. Ал үчүн үчүнчүүктү багыгындырыш оңойго турган жок. 2 спортчуну жеңип араң жетиштим»-дейт.

Даярдагандар:Фатиа Азамат кызы, Айгерим Медер кызы

Тренер: Дилнура Абдиламит кызы