“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Тигүүчүлүк менен алектенген Куу-Майдан айылынын тургуну

27 Март 2017 жыл 12:26
Көрүүлөрдүн саны: 228

Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын тургуну Гулнара Алматова 6 жылдан бери тигүүчүлүк менен алектенип келет. Ал үчүн тигүүчүлүк кесип эмес,өзү кызыкканына байланыштуу жөн гана өнөр болуп калган.

IMG-20170327-WA0006

Гулнара Аматова:”мен бул кесипке атайы окуган эмесмин, апамын тигип жатканын көрүп эле өзүм үйрөнүп алгам”-дейт.

Гулнара Аматова көбүнчө занивеска тигүу менен алектенет. Айрым учурларда жаш балдарга кемзел, көйнөктөрдү тигет. Занивесканы материалдын баасына карап тигилет. Кымбат болсо 100 сомдон, арзан болсо 50 сомдон.

IMG-20170326-WA0036

Аматова:”Азырынча жумуш жакшы кардарлар көп. Ушунчалыгы болот, үйдө чай чакага жетет,эч кандай кыйынчылык жок”-деп өз сөзүн дагы айтты.

 

“Мен көп эле жолу кемзел, занивеска тиктиргем. Сапаттуу жакшы тигет”- дейт айыл тургуну Батма Назарова.

Даярдаган: Атиргул Жигитали кызы

Редактор:Дилнура Абдиламит кызы