“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан айылынын тургуну Маткалыкова Бегайым 35 жылдан бери аптекачы болуп иштейт

4 Апрель 2017 жыл 19:20
Көрүүлөрдүн саны: 120

Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын тургуну Бегайым Маткалыкова 35 жылдан бери аптекачы болуп иштейт. Азыр деле өз жанын аябай элге жардамын берип келүүө.

1491272926130

Бегайым Маткалыкова 1983-жылы Бишкек шаарынан  медучилищанын фармацепт бөлүмүн аяктаган .Окууну бүткөн соң  Ноокат районундук ооруканада фарм технолог болуп кызмат өтөгөн. 6 жыл фарм технолог болуп эмгектенип 1990-жылы Кеңеш айыл өкмөтүнө өзүнүн жеке дарыканасын ачкан.

1491272926285

Маткалыкова Бегайым «бул кесипке жаш кезимен эле кызыкчуумун. Михаил Ломоносов мектебинде окуп жүргөндө эле сабактан чыгып аптекага кирчүүмүн. Ошол себеп болду дейм»-дейт.

1491272926616

Азыр Бегайым Маткалыкова Куу-Майдан айылына да өзүнүн жеке дарыканасын  ачкан. Сыркоолоп келген айыл тургундарына жанын  аябай колунан келишинче жардамын берип келүүдө.

1491136124530

«Бул кесибим менен сыймыктанам. Жаш кезимен эле кыялданып келген кесибим болчу. Кесибимин арты менен көптөгөн мактоо баракчаларды алдым. Бул да менин ийгилигим»-дейт Маткалыкова Бегайым.

Даярдаган: Атиргүл Жигитали кызы

Тренер:Дилнура Абдиламит кызы