Ноокат районунун Ж.Нышанов мектебине атагы алыска жеткен кыргыздын сыймыгы Ташчайнар келип өз өнөрүн тартуулап берди. Концерт жакшы деңгээлде болуп өттү.

Концертке окуучулар абдан көп кирди. Концерт ыр, тамашалар, оюн-зооктор менен коштолуп кызыктуу деңгээлде өттү. Бул концерттен максат айыл жерлерин кыдырып тубаса таланттарды издөө жана өздөрүнө шакирт чогултуу болуп эсептелет экен.

Бүгүнкү күндө Ташчайнар 17ге жакын шакирт чогулкан. Шакирттеринин эң улуусу 50 жашта ал эми кенжеси 7 жашта. Алардын ичинен эң талантту, эң кенжеси 7 жаштагы Адилхан ал бир токтобой 2100 жолу отжимания жасайт.

«Менин өзүмдүн атым Нурлан фамилиям Алишеров Ташчайнар болуп аталып калганымдын себеби Украинага барып таш талкалап, супер финалист болгонумдан кийин, сизди Ташчайнар деп атап коюш керек деп Абдрахманов Улан деген жигит айкан. Ошондон кийин эл астында Ташчайнар деп аталып калганмын»- деп билдирди Ташчайнар.
Көрүүчү Айдарали уулу Азиреталинин айтымында»Концерт мага жакты себеби бир гана Ташчайнардын өнөрлөрү эмес оюндар да болду ошондуктан мага жакты»-деп билдирди Азиретали.
Даярдаган: Курсантбек уулу Хусейн