Ноокат районунун Байыш айылынын тургуну Эрмек Абытов 4 жылдан бери шабдалы тигет. Ал 2 гектар жерге шабдалы көчөттөрүн отургузган.

Тез түшүм бергенине кызыккан. Башынан эле шабдолуну жакшы көрүп, өстүрөм деген максаты болгон . Ал максатына 2013-жылы жетип, шабдалы 4 жылда бир түшүм бергендиктен быйыл түшүмүн алам деп жүргөн кези.

Азыр шабдалы багы менен сыймыктанат. Шабдалынын эки сортун тиккен. Айтымында ар бир түбүн 65 сомдон алган . Азыркы учурда бутактарын кыркып азот салып даярдап койгон.

Эрмек Абытовдун айтымында «Азыркы максатым бакты чоңойтуу, эрте бышуучу алма бар ошону да тиксем деп жатам».
Даярдаган:Атиргүл Жигитали кызы
Сынакка