Ноокат районунун Арбын айылынын тургуну Бурканов Сайдикрам фарель багуу менен алектенет. Бул иш менен алектенгенине аз эле убакыт болгон.

Сайдикрам аба фарель багууну эч жактан үйрөгөн эмес. Өзүнүн кызыгуусу менен гана багууда. Балык багууну ал кичинекекей кезинен эле кыялданчу. Мынтип эми кыялына жетип олтурат.

“Мен бул фарелдерди бакканыма аз эле убакыт болду. Өзүмчө ойлонуп отуруп эле фарель (балык) багууну чечтим. Буларды сатпайм деле, кооздук үчүн багып жатам. Айланага өзүнчө бир сонун көрк берет деп ойлойм”-дейт Сайдикрам Бурканов.

Балыктардын суусун ар жумада алмаштырып турат. Азыр 20 дай фарелдери бар.
Даярдаган : Зарина Нурдинали кызы
Тренер:Дилнура Абдиламит кызы