“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Арбын: Как айылында 3 жылдан бери суу маселеси чечилбей келет

16 Апрель 2017 жыл 6:46
Көрүүлөрдүн саны: 118

Ноокат районунун Как айылында 3 жылдан бери суу маселеси чечилбей келет. тургундар атайы суу сатып ичээрин, малдарды узактан сугараарын айтышты.

IMG-20170415-WA0116

Как айылында суу жетишпегендигинен улам айыл тургундары кыйналып айыл башчыга кайрылышкан. Тургундардын бул маселесин айыл башчы жана өкмөт апрель айынын аягына чейин чечип берүүнү айтышты.

IMG-20170415-WA0115

Арбын  айылынын башчысы Кадыров Асан Гайыпович»480 000 тендерден бөлүнгөн Жалал-Абад компаниясы утуп алган.Ушул апрель айынынын аягына чейин чыгарып берүүгө  аракет кылабыз»-дейт.

IMG-20170415-WA0113

Как айылынын тургуну Аширбекова Саламат» мен бул айылда 10 жылдан бери жашайм. Мурун суу чыкчуу, 3 жылдан бери эле суу чыкпай жатат. Өзүбүз ичкенге сууну  машина менен башка айылдан ташып келип ичебиз, малдарды мындан 3 километр алыстыкта жайгашкан жерде арыктар бар ошол жактан сугарабыз»-деп билдирди.

IMG-20170415-WA0112

Даярдаган:Зарина Нурдинали кызы

Тренер:Дилнура Абдиламит кызы