“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Ак-Чабуу айылына жаңы воллейбол залы салынды

18 Апрель 2017 жыл 14:20
Көрүүлөрдүн саны: 147

IMG-20170415-WA0003

Ноокат районунун Ак-Чабуу айылынын Ак-Чабуу мектебине жаңы спорттук воллейбол залы салынды. Ага мектептеги мугалимдер жана окуучулар абдан ыраазы.

Бул залга ушул мектепте көптөн бери эмгектенип келе жаткан мугалим Муса Пирманов долбоор жазып утуп алган. Долбоор 2012-жылы май айында өтүп, зал курула баштап, азыркы учурда бүтүп иштелип жатат.

IMG-20170415-WA0000

Залга 2 млн 336 миң сом сарпталган. Андан сырткары залдын ичи тышы бүткөрүлүп, бардык спорттук инверталдар менен жабдылып берилген.

Мектеп окуучусу Ашура Нушбакова мурун да спорт зал болгонун бирок, заманбап жапдыктары жок болгонун айтты.

IMG-20170415-WA0009

«Мурунку спорт залдын полдору жок, дубалдын үстүңкү чатырынан суу өтөт эле азыр эми окуучулар сүйүнүп турган кези»- дейт Ашура.

Окуучу Адинай Абдиева «Зал салынганы жакшы болду. Себеби биз эми көптөгөн спорттук оюндарды үйрөнөбүз»- деп билдирди.

Дене-тарбия мугалими Бакытбек Абдрахманов «Залдын салынганы биз үчүн жакшы болду. Анткени балдар күнү-түнү даярданышып ийгиликке жетип жатабыз»- дейт.

Даярдаган: Атиргул Жигитали кызы

Сынакка