“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Кыргыз ата айылында газон курулуп жатат

22 Апрель 2017 жыл 16:01
Көрүүлөрдүн саны: 98

 

Бул айылдын көптөгөн эс алуучу жайлары бар. Кошумча дагы газон курулуп жатат. Бул газонго айылдын балдары көңүл ачып, эс алып кетүү максатында курулуп жатат. Газонго бак дарактар тигилип, ар түрдүү гүлдөр өстүрүлүп, олтура турган отургучтар орнотулат.

 

Газонго кеткен каражатты Саид Байми жаштар уюму каржылап жатат. Азыр иш кызуу жүрүп жатат. Буйруса, каражат убагында келип турса газон май айынын аягында пайдаланууга берилмекчи.

Газон бүтсө айылдын көркүнө дагы көрк кошуп, жаңы курулуштар көбөйө баштайт. Бул газон айылыбыздын жаштарынын ден соолугун чыңдоого чоң салым кошот.

Айылдын тургуну Канатбек  Өмүрзаков мындай деди:» Бул газондун курулуп жатканы биздин айылдын балдары учүн аябай жакшы болду. Себеби, балдарды жаман иштерден туура эмес жолго түшүп кетпөөдөн сактайт деп ойлойм. Фудболду ойноп ден соолугун чыңдап, бош убактысын туура пайдаланып кетишет»- деди.

Даярдаган: Тинатин Тариел кызы