
Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын тургуну Мухаммедали Аскаров көгүчкөндөрдү багат. Анын көгүчкөндөрдү бакканына төрт жылдан ашты.

Ал көгүчкөндөрүн эң арзаны 600 сомдон кымбатын 1000 сомдон сатат. Жалпы 8 көгүчкөнү бар. Көгүчкөндөрүн көбүнчө айыл тугундары сатып алышат.

Азыркы учурда Мухаммедали Аскаровдун көгүчкөндөрүн көрүп, айылдагы кичине класстын окуучулары да кызыгып бага башташты.

Мухаммедали Аскаровдун айтымында «Бул менин кесибим болуп калды. Көгүчкөндөрдүн көбүнчө ак түстүүлөрүн багам»- дейт.
Даярдаган: Тинатин Конурбаева