“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Ноокат районунун Ломоносов мектебинде аскер класстары ачылды

24 Апрель 2017 жыл 20:43
Көрүүлөрдүн саны: 170

Ноокат районунун Жаңы базар айылындагы Ломоносов мектебинде жаңы асердик класстар ачылды.Аскердик класс ачылгандан баштап окуучулардын ийгиликтери да көбөйүүдө.Былтыркы коргоо министри өзү  каржылап аскердик класстарды ачкан.Аскердик класстар ачылгандан баштап 10-11-класстардын окуучулары ачд сабактарын жакшы өздоштүрө  башташты.

Аскердик класс ачылгандан баштап окуучу балдар спортко көп басым жасашып көп ийримдерге катышып жатышат.11-классынын окуучусу Темирлан Сулайманов деген  эркин күрөш боюнча Кыргызстандан  биринчиликти алып жакында Азияга аттанып жаткан учуру.Окуучулар ушинтип жетишкендиктерге жетишип жатышат.

Окуучулардын ийгиликтерине кубанып бардык шарттарды түзүп берели деп ыссык суу ,муздак сууларды ,дааратканаларды да афтаматташтырып жатышат.окуучулар көп ийгиликтерди багындыруушуда.

Тарбиялык иштер мугалими Зууракан Кайназарованын айтымында:»Бүгүнкү  кундө окуучулардын ийгиликтери бизди абдан кубандырууда. Жакында эле орус класста  окуган окуучу патриоттук ырлар боюнча Ошто биринчи орунду алып келди. Жогоруда айтылгандай Темирлан Азияга аттануу алдында турат. Дагыда ийгиликтерди багындырсын деп бардык шарттарды тузуп берип жатабыз.Аскердик класстар ачылган да окуучуларга дем куч берүүдө.»

Даярдаган:Нуриза Калил кызы