“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Ноокат районунун Ломоносов мектебинде орус класс ачылды

24 Апрель 2017 жыл 18:47
Көрүүлөрдүн саны: 241

Ноокат районунун Жаңы базар айылындагы Ломоносов мектебинде жаңы орус класс ачылды. Ага окуучулар да ата-энелер да абдан кубанышууда.Орус класс быйыл ачылды. Жакын арада «Алиппе»майрамын өткөрүштү. Окуучулар да ата-энелер да көптөн бери күтүп эңсеп келүшчү. Класста жалпы 34 окуучу окуйт. Орус класстарды дагы да көбөйтүүнүн жолун издешүүдө.

Биринчи класстын окуучулары орус тилин кыйла өздөштүрүп калышты.Сабактардын баары орус тилинде өтөт.Окуучулардын баары орус тилине кызыккан окуучулар. Сабака жакшы көңүл бөлүп бат эле өздөштүрүп кетишкен.

Директор Айнура Зулунованын айтымында: «Мен өзүм да бул орус класска сабак берем. Класста кыргызча сүйлөбөөгө аракет жасашат. Окуучулар да абдан мыкты. Орус классты көбөйтөлү деп жатабыз.Азыр окуучуларыбыз көп жетишкендиктерге жетишип жатышат.»

Окуучу Айзада Жанибек кызынын айтымында:»Мен орус класста аябай окугум келчү. Көп нерсени билип калдым.Жакшы окуганга аракет кылам.»

Даярдаган:Нуриза Калил кызы