Ноокат районуна караштуу Бостон айылында колунда жок кыйналган адамдар үчүн кайрымдуулук дүкөнү ачылды. Бул жерде колунда жоктор үчүн тамак-аш азыктары, кийимдер баары бекер таркатылат.

Бул дүкөндүн ачылганынын себеби колунда жоктор үчүн жардам болсун деп айылдын тургуну Ахлидинов Тургуналинин колдоосу менен ачылган. Бул дүкөндүн ачылганына 3 ай убакыт болуптур. Бул дүкөнгө Ноокат районунан, Ош облусунан да келип кетишет. Бул дүкөн ар жума күнү жума намазы окулуп бүткөндөн кийин ачылат, башка күндөрү адамдар өзүнүн кичине келген кийимдерин, андан сырткары тамак-аш азыктарды, эт, ундарды, садака катары таштап кетет.

Дүкөнгө келген бардык адамдарга берилет. Бул айылдын тургундары абдан ынтымак келишет, тажик, кыргыз, өзбек дебестен баары ынтымак жашашат. Бул дүкөнгө абдан көп эл келип кетет, ар жумада ар башка 200 адамга чейин болгон күндөр да болгон, тамак-аш жетпей адамдар урушуп кеткен күндөр да болуп турат.

Айылдын имамы Тургунали Ахлидиновдун айтымында: «Бул дүкөндүн ачылып калышынын себеби өзүбүз башка жактарда ушундай нерселер ачылып жатканын көрүп өзүбүзда ушуга аракет кылдык. Элге аз болсо да пайдасы тийип калса деп ачтык. Айыл өкмөтбүздүн башчылыгында биргеликте макулдашып ачып отурабыз» — деп билдирди.

Этибар Абсатарованын айтымында: «Колунда жок бечара элдер үчүн колунда бары бар жогу бар балдарынын шарты тура келбей Россияга кетип ата-энесин карай албагандар бар. Тургунали мына кайрымдуулук дүкөнүн ачты. Элге жардам берип атат. Ар жума күнү саат 2 де ушул жерге келебиз. Келгенде болгонунча бөлүштүрүп берип, анан бизда алыбыз жетишинче балага дубабызды берип кетип жатабыз» — деп билдирди.

Мавлюда Шакированын айтымында: «Менин 3 жетим неберем 35 ке чыккан майып балам бар.Жашоодон кыйналып жатабыз.Анан ушул кайрымдуулук дүкөнүн ачкан экен жардамы тийип жатат»- деп билдирди.

Даярдаган:Курсантбек уулу Хусейн
Сынак үчүн