Куу-Майдан айылында малина өстүрүү күч алууда. Малина жылына эки жолу түшүм алат. Анын биринчи түшүмү жай айларынын июнь июлда мөмө алат, анан күздүн сентябрь, октябрь айларында да мөмө берет.

Айыл тургуну Бүсайра Закирова жети жылдан бери малина өстүрүп келет. Ал малинаны болгону 500сом менен баштаган. Ал жылына 5 сотых жеринен 400кг малина алат.
Закирова малинанын эч кандай чыгашасы жок, болгону аны суугарып, чөбүн отоп, түбүн чабып, көң салып туруу керек экенин айтат.
«Малинанын эч кандай чыгашасы жок. Мен өзүм малинаны жакшы көргөндуктөн өстүргөнмүн, эми мынтип сатып жатам»
Келечекте дагы кулпунай жана башка өсүмдүктөрдү кошоорун билдирди Бусайра Закирова.

Айыл тургуну Мехриниса Абдумомунова «Биз коңшубуз Бүсайра эжеден жылына 10кг дан ашык малина сатып алабыз. Азырда малина бышкан мезгил, элдер кышка кам көрүп малина сатып алууда. Негизинен малина грип болгондо көп ичилет»-дейт.

Айыл тургуну Апиза Эргешова «Азыр малинанын сезону, малина сатып кышка кам көруп малина кайнатып жаткан кезибиз. Малинасы аябай чоң жана даана-даана. Дайыма кошналары алып турат. Базарга караганда кыйла болсо да арзан сатат. Биз азыр дагы 20кг алдык»-дейт.
Даярдаган: Тинатин Конурбаева