
Куу-Майдан айылынын тургуну Акматали Абдыкеримов багбанчылык менен алектенет. Бул тууралуу багбан менен маектештик.

Саламатсызбы! Сиз кесибиңиз боюнча кимсиз?
Саламатчылык мен кесибим боюнча жазуучумун чыгармаларды жазам. Кошумча дагы багбанчылык менен алектенем, 1 гектар багым бар.
Бул бакты качан тигип отургузгансыз?
Торт жыл болду. Кеңеш айыл окмотунун Кашкоро участкасынан жер алып кочотторду эккенмин.
Кандай осумдуктор бар канча түп?
Оруктон 25-30 түп, 30-35 түптөй гилас, 20 түптөй тал, жаңгак эккенмин. Жалпы 100 түп.
Түшүм алдыңызбы?
Быйыл орукторум тушум бере баштады калганы бере элек.
Өзүңүз багбан катары кеп-кеңешиңизди айта кетсеңиз.
Дагы жерлер болсо бак кылат элек дегендер абдан көп болду. Колдон келишинче жардам беребиз.
Кантип карайсыз, кандай даарыларды чачасыз?
Жыл сайын ар биринин тубун тээп, көңдөн чачып, курттардан сактоочу даарыларды чачып турам.
Дагы кандай өсүмдүктөрдү кошоюн деп ниеттенип жатасыз?
Дагы бадам менен орукту көбөйтөйүн деп жатам.
Маегиңизге чоң рахмат!
Даярдаган: Шахира Каныбек кызы
Сынак учун