“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан айылында ата тегин изилдөө боюнча санжыра жүрүп жатат

16 Июль 2017 жыл 9:52
Көрүүлөрдүн саны: 371

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында ата тегин изилдөө боюнча санжыра жүрүп жатат. Айыл ак сакалдары кеңешип отуруп, ар ким өз аталарынын айтып отурушуп санжыра жүрүп кетти.

Кыргыз элинин жашоосу жана элдердин ортосундагы байланышты аныктоо, билүү максатында изилдөө жүргүзүп, адамдын укугун коргоо максатында иш алып барган инсандар өтө көп болгон. Айыл аксакалдарынын изилдеп чыгуусу боюнча Куу-Майдан тургундарынын атасы Атаке болуп чыкты.

Айыл аксакалдарынын айтуусу боюнча “бизда  жакшы билбейбиз , китепке таянып жазып, өз урпактарыбызды изилдеп чыктык. Бизидин  ойубуз  боюнча кыргыз элинин эң чоң аталары Ак уул жана Куу уул болгон. Биз болсо Ак уул урпактарынанбыз ”-деп билдиришти.

Айыл аксакалы Кожон Абдразаковдун айтымында “Мен буга чейин жети атамды билчүмүн ошондой эле билгенимди балдарыма да үйрөткөн болчумун, андан кийин аксакалдар ата тегибизди сөз кылганда, жети атам ошондой эле чыкты бирок алмаштырып алган экенмин ”- деп билдирди Кожон Абдразаков.

Окуучу Нурислам Ибраим уулунун айтымында “Мен мурун жети атамды жакшы билчү эмесмин, айылда ата тегин изилдөө боюнча санжыра болгондон кийин менда өз аталарымды билип алдым”-деп билдирди.

Даярдаган: Хусейн Курсантбек уулу