“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан: Кыргыз-Ата айылында футбол аянтчасы курулуп жатат

17 Июль 2017 жыл 19:28
Көрүүлөрдүн саны: 128

Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылына жаңы футбол аянтчасы  курулду. Анын курулганынын себеби, айылдагы балдар каникулда зээрикпей, эс алып кетүү үчүн курулду.

Газонду курганы  жакшы болду себеби, балдар бош убактыларында келип ойноп кетип жатышат.Футбол аянтчасы  2016-жылдын күз айында башталган. Аянтчага  кеткен каражатты Саид Байми жаштар уюму каржылап жатат. Азыр иш кызуу жүрүп жатат. Ага карабастан айылдын жаш балдары ойноп жаткан учуру.

Футбол аянтчасы  бүтсө айылдын көркүнө дагы көрк кошуп, жаңы курулуштар көбөйө баштайт. Бул аянтчага айылыбыздын жаштарынын ден-соолугун чыңдоого чоң салым кошот.

Айыл дамбыласы “ Бул футбол аянтчасынын курулганы жакшы болду, себеби айыл жаштарынын спортко чакырып жатат. Анан да башка жаман жолго баруудан сактайт деп ойлойм”-деп билдирди Эркин дамбыла.

Даярдаган: Тинатин Коңурбаева                                                                                  Хусейн Курсантбек уулу