“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Арбын айылына катуу жамгыр жаап, сел жүрдү

23 Июль 2017 жыл 12:46
Көрүүлөрдүн саны: 118

Ноокат районунун Арбын айылында катуу жааган жамгырдын айынан тоодон 2күн катуу сел келип каналдардын, латоктордун башын сел алып,таза суунун ичине ылай суу кирип кетип, кранттар жарылып кетип, айыл тургундарынын көпчүлүгү 1 жумага жакын суусуз калды.

Арбын айылынын тургундары латокторду,каналдарды таза суунун баштарын калып кеткен жаман нерселерден тазалап, кранттарды кайрадан казып жамап, латоктун, каналдын башын кайрадан гавион коюп оңдоп,түздөп жатышат.

Айыл башчы Кадыров Асан Гайыпович-“Жамгыр өтө катуу жаап, тоодон сел келип суунун баштарын сел алып кетип айылдын көпчүлүк бөлүгүнө суу келбей калды.Бирок кранттын бир жак бөлүгүнөн суу берилип жатты, ал эми экинчи жагынан келбей жатты себеби бир жак бөлүгү таза,экинчи бөлүгү бутуп калган.

3 күндөн бери ашар жолу менен калган-каткан нерселерди тазалап жатабыз,бүгүн түштөн кийин айылдын бардык жерине суу берилет.

Даярдаган: Зарина Нурдинали кызы