Ноокат районунун Арбын айылынын тургуну Айгүл Мамажунусова көп жылдан бери айыл тургундарына жашоодо керектелүүчү жакшы, пайдалуу кеңештерди окутуп үйрөтүп келет. Үйрөнүүчүлөрдүн көчүлүгү ата-энелер.

Айгүл Мамажунусова айыл тургундарына сүүттү керектөөнү,жүндөн ар кандай буюмдарды жасоону жана башка көптөгөн нерселерди үйрөтөт. Каалоочулар үчүн ар дайым эшик ачык. Сабак «Арбын» орто мектебинде болот.

Бул окууга 7 жаштан 70 жашка чейинки кызыккан айыл тургундары катыша алат. «Арбын» орто мектебинде жакында эле «Акчаны туура пайдалануу»-деген темада окуучу, мугалим , айыл тургундарына сабак өттү.

Айгүл Мамажунусова «аз эле убакыт болду бул иш менен алектенгениме. Мен өзүм мындай нерселерге кызыгам. Озумдүн билген сырларымды бөлүшөйүн деп чечтим. Тургундарга көп ненрсени үйрөткөнүм үчүн кубанычтамын»-дейт.
Даярдаган:Зарина Нурдинали кызы