Ноокат районунда чөп сезону башталып, адамдар өздөрүнө тиешелүү жерлердеги чөптөрдү жыйнай башташты.Адамдар адырдагы чөптөрүн тракторлорго ордуруп, тырматып, престетип базарга алып барып же болбосо ордунан сатышууда.Жана ошондой эле үйүндөгү мал жандыктарына кышкыга тоют камдоодо.

Быйылкы жылы чөп жакшы болбогуна байланыштуу базарда жылдагыга караганда кымбат болуп жатат.Адамдар жылда базарга алып барып 100 сомдон сатышса ал эми быйыл 130 сомдон сатышууда.Алып сатарлар болсо башта ордунан 90 сомдон болсо быйыл 115 сомдон алышууда.

Меңиш Ташматов-“Быйыл чөп жакшы болбой калды башта 4 гектар жерден 1000 жакын пресс алат элек,быйыл болсо 4 гектар жерден 456 пресс чыкты.Жылда чөпөн 100 миңге жакын пайда көрөт элек, быйыл үйгө жийдик ,ал эми пайдасынын2\1 бөлүгү ордурганыбызга,престетгенибизге кетип калды.

1 сотик жерди 15 сомдон оруп, 15 сомдон тырматтырып 14 сомдон пресс кылдырабыз.
Даярдаган:Зарина Нурдинали кызы