
Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү Көтөрмө айылынын «Көтөрмө-Нур» балдар бакчасында капиталдык ремонт болуп жатат.
Бул бакча 1964-жылы курулган.СССР убагында иштеп,СССР тарагандан кийин бакча иштебей калган.Андан кийин 2000-жылдан баштап элдин, тарбиячылардын демилгеси менен кайра ишке киргизилген.
Алгачкы капиталдык ремонтту баштаарда «Балдарды коргоо уюму» чон жардам берген. Алар 68000 сомдук каражат бөлүп беришкен. Капиталдык ремонтко чейин бала- бакча 2-3 жолу ремонттон өткөн. Бирок ал ремонттор бакчанын абалын анча жакшырта алган эмес.Дагы бир каражаттар айыл өкмөттун жардамы менен гранд түрүндө утулуп алынган.

Бул бакчанын ремонттолушуна ,бала-бакчанын жетекчиси Асманова Суусардын демилгеси зор. Анткени ал проект жазып,бала-бакчага чон салымын кошкон.
Бала-бакчанын жетекчисинин айтымында «Бул бала-бакча ремонттолушуна биз өтө кубанычтабыз. Анткени бул бакча ото оор абалда болгон. Эми ремонт болсо кичинекей бобоктор да абдан кубанышат. Баары заманбап турундо болуп жатат,унитаз,умывальниктер коюлууда.»-деди Суусар Асманова.
Даярдаган:Эльвира Садирали кызы